Жаңылыктар

Жаңы аманат кассаларынын ачылышы!

Дордой базарынын аймагында Банктын дагы эки аманат кассалары ачылгандыгы тууралуу кубануу менен жалпыңыздарга маалымдап кетмекчибиз.

“Капитал Банктын” эмгек жамааты калайык-калкыбызды 7-ноябрь -Улуу Октябрь революциясы күнү менен куттуктайт!

Жергебизде  тынчтык, ырыс алды-ынтымак бекемделип, ар бир үй-бүлөдө бекем ден-соолук, бакыт-таалай, кучак толо кубаныч уялап, өлкөбүздүн өнүгүп-өркүндөшүнө тилектештигин билдирет.

«Капитал Банк» Western Union жана Caspian Money Transfer системалары боюнча акча которуунү жүзөгө ашырууда

«Капитал Банк» иш планына ылайык, октябрь айынын баш жагында акча которуу жагында адистешкен дагы эки системага: Western Union жана Caspian Money Transferге туташууга жетишкен. Эми кардарлар ушул жаңы системалар боюнча Банктын бардык кеңселеринен учур талабына жооп берген акча которуу кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Жаңы аманат кассасынын ачылышы

Ош базарынын аймагында Банктын дагы бир аманат кассасы ачылгандыгы тууралуу кубануу менен жалпыңыздарга маалымдап кетмекчибиз.
Жаңы ачылган аманат кассасынын жогорку квалификациялуу кызматкерлери акча которуу системасынын бири боюнча дүйнөнүн кайсыл болбосун жерине акча которууда, валютаңызды ыңгайлуу шарттарда алмаштырууда, тез арада депозит ачууда, кредитти тариздетүүдө, банктык башка кызматтардан пайдаланууда Сиздерге жардам берип, убакытты үнөмдөөгө өбөлгө түзөт.

2013-жылдын 26-августунда Банк юридикалык жактын кайрадан мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүккө ээ болгон.

2013-жылдын 30-июлунда Бишкек шаары, Москва көчөсү 161 дареги боюнча жайгашкан Банктын башкы кеңсесинде акционерлердин кезексиз өткөн жалпы жыйынында Инвестициялык акционердик коммерциялык банк «Акыл» Ачык акционердик коомунун аталышын “Борбордук Азиянын Капитал банкы” Ачык акционердик коомуна өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алынган.
Банктын толук фирмалык аталышы:

Pages