"Детский капитал" депозити

Депозиттин ушул түрү ата-энелерге, жоро-жолдошторго, жакын адамдарга баласынын атына топтоо эсебин ачып, мүмкүнчүлүгүнө жараша аны толуктап туруу шартын сунуштайт. Бул депозит ата-энелерге келечекте балдарынын татыктуу билим алуусу үчүн акча топтоп, аны көбөйтүүсүнө өбөлгө түзөт. Ал эми жоро-жолдоштор, жакын адамдар баланын мектепке кирип, аны аякташына же бойго жетип өз алдынча турмуш жолуна шилтеген кадамынын байсалдуу болушуна ийгилик каалоо ниетинде белекке тартууласа болот. 

Мөөнөтү Пайыздык чени Депозиттин минималдуу суммасы
  KGS USD  
12 айга 8% 2,5% 5000 сом/ 100 АКШ доллары
24 айга 9% 3%
36 айга 10% 3,5%

 «Детский капитал» мөөнөттүү эсебинин артыкчылыктуу шарттары:

  • пайыздар ай сайын чегерилет;
  • чегерилген пайыздарды депозит мөөнөтүнүн акырында төлөп берүү;
  • пайыздарды чейрек сайын капиталдаштыруу;
  • Банк, депозитти күрөөгө коюу алдында кредит алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт;
  • депозитке кошумчалап акча салууга болот;
  • дароо узартуу шарты каралган.

 “Детский капитал” депозит эсебин ачуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  • баланын төрөлгөндүгү жөнүндө күбөлүк;
  • баласына эсеп ачып жактан кардардын паспортунун көчүрмөсү.

“Капитал Банк” ААКда депозит боюнча жеке пайыздык ченемдерди белгилөө мүмкүнчүлүгү каралган.