Эмгек акы алдында керектөө максаттарына берилген кредиттер

Үйүңүздү учур талабына ылайык жасалгалап, унаа сатып алгыңыз келеби же балаңыздын татыктуу билимге ээ болушун каалайсызбы? Анда убакытты текке кетирбей, ойлогон ой максатты ишке ашырып, каалаган буюмуңузду азыр эле сатып алсаңыз болот.
«Капитал Банк» жеке адамдарга керектөө кредиттерин сунуштайт.

Кредиттер төмөнкү максаттарга берилет:

  • Турак-жайды оңдоп, калыбына келтирүүгө;
  • Эмерек, тиричилик техникаларын, үй тиричилигине керектүү буюм-заттарды ж.б. сатып алууга;
  • Каалаган жеңил автоунааны сатып алууга;
  • Күндөлүк чыгашаларга төлөөгө;
  • Ар кандай салтанаттуу кечелерди/башка иш-чараларды өткөрүүгө;
  • Керектөөгө жараша башка максаттарга.

Артыкчылыктары:

  • пайыздык чендин алгылыктуулугу
  • айыптык санкцияларсыз эле, кредиттин ордун мөөнөтүнөн мурда жабуу мүмкүнчүлүгү
  • ийкемдүү төлөө графигинин сунушталышы
  • сунушталган  документтердин кыска мөөнөттө каралышы.

Кредиттин валютасы: кыргыз сому, АКШ доллару.
Кредиттин мөөнөтү:  3 айдан 60 айга чейин.
Пайыздык чени:  жылдык 19%дан баштап - - кыргыз сому.

Эффектив. пайыздык чени: жылдык 21,36% - кыргыз сому.

Камсыздоосу:

  • кыймылсыз мүлк
  • кыймылдуу мүлк
  • автоунаа
  • жүгүртүүдөгү товарлар
  • кепилдик

Насыялар боюнча жеке пайыздык ченемдерди белгилөө мүмкүнчүлүгү каралган.