Пятница, 11 Сентябрь 2026 17:46

Капитал Банктын кызматкерлерине «Кыргызстан Банктар Биримдигинин» сыйлыктары тапшырылды

Кыргызстан Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата, «Кыргызстан Банктар биримдиги» Капитал Банктын кызматкерлерин кесипкөйлүгү, ак ниет эмгеги жана өлкөнүн Банк секторун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйлады.

Сыйлыктарды тапшыруу аземи 2026-жылдын 8-сентябрында өттү

Кыргызстан Банктар Биримдигинин ыраазычылык каттары төмөнкүлөргө ыйгарылды:

  • Анара Кайпек кызы - БIMG_4548.JPGэк-офис бөлүмүнүн башчысы;
  • Асем Дүйшеналиевна Карагулова - Кассалык тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси;
  • Нурсултан Эркинович Койчубаков - Казыначылык департаментинин директору;
  • Асел Таалайбек кызы, «Капитал банк центр» филиалынын 030-07-14 аманат кассасынын насыя берүү секторунун башчысы;
  • Бексултан Исрамидинович Алимбеков - Араван филиалынын кардарларды тейлөө бөлүмүнүн башчысы;

Кыргызстан Банктар Биримдигинин Ардак грамотасы төмөнкүлөргө ыйгарылды:

  • Миргуль Куралбековна Наскеева - ГОПУ директору

Сыйлыктар кызматкерлердин көп жылдык абийирдүү эмгегин, жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгүн жана өз ишине жоопкерчиликтүү мамилесин белгилейт.

Ар бир ийгиликтин артында талыкпаган эмгек, берилгендик жана алдыга жылуу каалоосу жатат. Кесиптештерибизге жаңы жетишкендиктерди, кесиптик өсүштү жана көрүнүктүү жеңиштерди каалайт!

Кесиптештерибизди куттуктайбыз жана алардын ийгилиги менен сыймыктанабыз!

IMG_4548.JPG

IMG_4549.JPG

IMG_4550.JPG

IMG_4551.JPG