КОМПЛАЕНС/COMPLIANCE

Банк сектору террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигине дуушар болгондугуна байланыштуу «Капитал Банк» ААКсында натыйжалуу комплаенс-көзөмөлдүк системасы түзүлгөн. Ал система Банктын “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү” (ТИК/ККЛА) боюнча улуттук мыйзамдарды жана эл аралык стандарттарды сактоо боюнча өз милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылат. Андан тышкары,  төмөнкү уюмдардын эл аралык санкцияларынын талаптарын сактоону камсыз кылат:

  • БУУнун Коопсуздук Кеңеши;
  • OFAC (АКШ);
  • Европанын тышкы ишмердүүлүк кызматы (EU);
  • Улуу Британиянын казыналыгы (HMT) жана башкалар.

Ошондой эле «Капитал Банк» ААК АКШнын FATCA мыйзамынын, тактап айтканда, “Чет өлкөлүк эсептерге салык салуу” боюнча мыйзамынын талаптарын аткарат. Анын максаты АКШдан тышкары каржы институттар аркылуу киреше алып жаткан АКШ жарандарынын жана жашоочуларынын салык төлөөдөн качышына бөгөт коюу болуп саналат.

2018-жылдын 6-августундагы № 87 “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын талаптарына жана ТИК/ККЛА тармагы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, Банк тарабынан Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Ички көзөмөл салуу саясаты иштетилип чыккан. Бул саясат ыктымалдуу комплаенс-тобокелдиктерин аныктоого жана азайтууга багытталган.

Бул Саясатты ишке ашыруу максатында, «Капитал Банк» ААК:

  • жашыруун банктык эсептерди (депозиттерди) ачпайт жана тейлебейт;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, корреспондент-банкты, кардарларды аныктамайынча жана бенефициардык ээсин тактамайынча, эч кандай операцияларды жүргүзбөйт;
  • Оффшордук зонада катталган банктар жана обочо-банктар (тосмо-банктар) менен корреспонденттик мамилелерди түзбөйт.

Ошондой эле «Капитал Банк» ААКсы каржы рыногунун катышуучусу катары өз ишин жүзөгө ашырууда ачык-айкындык, тазалык, калыстык принциптерин  жолдойт жана кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу, коррупцияга жана паракорчулукка каршы күрөшүү маселелерине өзгөчө көңүл бурат.


 

Due to the banking sector's susceptibility to the risks of money laundering and terrorist financing, an effective compliance control system has been established at «Capital Bank» OJSC. This system ensures the Bank's compliance with national legislation and international standards on anti-money legalization (laundering) and combating the financing of terrorism (hereinafter - AML/CFT), as well as ensures compliance with the requirements of international sanctions:

  • The UN Security Council;
  • OFAC (USA);
  • The European External Action Service (EU);
  • HM Treasury (UK), etc.

«Capital Bank» OJSC also complies with the requirements of the U.S. Foreign Account Tax Compliance Act (FATCA), the purpose of which is to prevent tax evasion by U.S. citizens and residents who receive income through financial institutions outside the United States.

In accordance with the provisions of the Law of the Kyrgyz Republic «On countering the terrorist financing and legalization (laundering) of proceeds of crime» dated August 6, 2018, No. 87, and regulations of the National Bank of the Kyrgyz Republic in the field of AML/CFT, the Bank has developed an Internal Control Policy to counter the terrorist financing and legalization (laundering) of proceeds of crime. This policy is aimed at identifying and mitigating potential compliance risks.

In order to implement this Policy, «Capital Bank» OJSC:

  • Does not open or maintain anonymous bank accounts (deposits);
  • The bank does not conduct any transactions without identifying the correspondent bank, customers, and establishing the beneficial owner in accordance with internal regulations and the requirements of the legislation of the Kyrgyz Republic;
  • Does not establish correspondent relations with banks that are registered in offshore zones and shell banks.

And also «Capital Bank» OJSC, in conducting its operations as a participant in the financial market, it operates on the principles of transparency, fairness, and integrity. Special attention is given to managing conflicts of interest, combating corruption, and preventing bribery.