Урматтуу кардарлар жана өнөктөштөр!
«Капитал Банк» ААКсы өзгөчө кунт коюп жана этият болуу зарылдыгын маалымдайт. Соңку мезгилде алдамчылар өздөрүн мамлекеттик мекеме же банк кызматкерлери катары көрсөтүп, жарандардын акча каражаттарын мыйзамсыз тартып алууга аракет кылган телефон чалуулар жана билдирүүлөр көп катталууда.
Алдамчылар үчүнчү тараптын банктык карталарынын реквизиттерин көрсөтүү менен айыптарды же карыздарды төлөө талабы менен SMS жөнөтүшөт жана чалышат. Мындай билдирүүлөр алдамчылык жана мамлекеттик органдарга же «Капитал Банк» ААКсына эч кандай тиешеси жок.
Биз сунуштайбыз:
- шектүү реквизиттерди колдонуу менен акча которбоо;
- үчүнчү жактарга картанын реквизиттерин, паролдорун жана ырастоо коддорун ачыкка чыгарбоо;
- шектенүү жаралса, дароо 8989 телефону боюнча Банктын Контакт борборуна же филиалдарга жеке өзүңүзкайрылыңыз;
- зарыл болгон учурда укук коргоо органдарына билдириңиз.
Сиздин каражаттардын коопсуздугу биздин приоритетибиз. Кыраакы болуп, алдамчылардын аракетине алдырбоону суранабыз.
Урматтоо менен,
«Капитал Банк» ААК